Ысык-Атада 34 жаштагы киши 3 метр тереңдиктеги чуңкурга түшүп кеткен

Ысык-Атада 34 жаштагы киши чуңкурга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Новопокровка айылында болгон. 34 жаштагы мас абалындагы киши тереңдиги болжол менен 3 метр болгон чуңкурга түшүп кеткен. Куткаруучулар аны чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти.