Ысык-Атада аялынын кабыргасын сындырып, көгала кылып сабаган делген киши кармалды

7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган А.З. аттуу жаран өзүнүн жолдошуна карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 7-январда саат 12:00 чамасында Ивановка айылындагы жашаган үйүндө үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда жолдошу жаран А.Э. ага дене жаракаттарын келтирген.
Аталган факты мыйзам чегинде каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык төмөнкүдөй дене жаракаттары аныкталган: оң тарабындагы төртүнчү кабыргасынын жылышы менен жабык сыныгы, жумшак ткандардын көп сандаган көгөрүүлөрү жана сыйрылуулары. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголду.
1993-жылы туулган шектүү А.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда. Чүй ОИИББ эскертет: аялдарга жана жашы жете электерге карата агрессиянын жана зомбулуктун бардык түрлөрү катуу түрдө бөгөттөлүп, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.