Ысык-Атада бир нече кылмышка шектелген адамдар кармалды

Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

6-март күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Достук айылынын 1981-жылы туулган жашоочусу У.З. арыз менен кайрылып, 28-февралга караган түнү үйүнүн жанында токтоп турган жүк ташуучу унаасынын эки даана аккумулятору уурдалганын билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунда туулуп, өскөн 1994-жылы туулган А.Т. жана 1993-жылы туулган М.А. кармалган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандардын Красная-Речка айылындагы дагы бир аккумулятор уурдоо кылмышына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги териштирилүүдө.

Ошондой эле Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү дагы бир жаран кармалды.

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 22 жаштагы жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр үйүнө кирип, зер буюмдарын, курулуш шаймандарын жана жеке буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 38 жаштагы Т.У. аттуу жаран кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жаран жашаган жерден уурдалган буюмдардын бир бөлүгү табылган.

Ал эми шектүү жарандын Ысык-Ата районунун аймагындагы дагы 6 кылмышка тиешеси бар экендиги такталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.