Ысык-Атада бригадирин моюнга сайган шектүү кармалды

Ысык-Атада адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-майда Ысык-Ата РИИБге аймактык ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1970-жылы туулган жарандын бычактан жаракат алып, түшкөнү маалымдалган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бычакталган жаран бригадир болуп иштеген. 19-май күнү 1977-жылы туулган жаран эртең менен жумушка чыккан эмес, түштөн кийин мас абалында барган. Бригадир эскертүү берген учурда экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Шектүү бригадирди мойнуна сайып жиберген. Анын кесепетинен ооруканага жаткырылган. Кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган. Тергөө уланууда.