Ысык-Атада карызга баткан жигит ага кол салуу боюнча жалган маалымат берген

Ысык-Атада жигит жалган кылмыш тууралуу маалымат берген. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-мартта Ысык-Ата РИИБге жигит кайрылып, 3 белгисиз жүргүнчүгө чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, жүргүнчүлөр ошол эле күнү саат 06:00 чамасында Жер-Казар жолунда ага кол салып, 19 миң сомун тартып алышканын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө эч кандай кылмыш болбогону аныкталган. Унааны ижарага алууда карыз болуп калып, ойлоп тапкан.

Жогорудагылардын негизинде жаранга карата козголгон кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, кылмыш иши козголгон.