Ысык-Атада шектүүнүн абактан качышына жардам берди деп 2 милиция кызматкери кармалды

Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан Ысык-Ата районунун убактылуу кармоочу жайынан айыпталуучунун качуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

5-июнда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу изоляторунун нөөмөтчү-милиционери жана милиционери кызмат абалдарынан пайдаланышып, райондук соттук кароосундагы адамды уурдоо, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, каракчылык жана адам өлтүрүүгө аракеттенүү фактылары боюнча өзгөчө оор кылмыштар менен айыпталган айыпталуучуну белгисиз тарапка качып кетүүсүнө көмөктөшүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган РИИБдин убактылуу кармоочу изоляторунун нөөмөтчү-милиционери жана милиционери шектүү катары кармалып, камакка алынган. Учурда иш боюнча тергөө амалдары улантылып, анын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.