Ысык-Атада мектептин имаратын мечитке айландырып алышкан

Текшерүүдө Кант райондук мамлекеттик администрациясынын (азыркы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы) жана Бирдик айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, аталган айылдагы мурдагы мектептин имараты айрым жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура имаратты жер тилкеси менен кошуп (22 миллион сомго бааланган) мамлекетке кайтарды. Объектини мындан ары билим берүү багытында колдонуу пландалууда.