Ысык-Атада ок атышуу болгону кабарланып, видео тарап жатат

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ысык-Атадагы Дмитриевка айылында ок атышуу болгонун, анын үнү Кантка чейин жеткенин жазышууда.

Ошондой эле милиция Дмитриевка менен Канттын ортосундагы жолду жаап, шектүүлөрдү кармоо аракети жүрүп жатканын жазышты.

Азырынча окуя боюнча милиция маалымат бере элек.