Бүгүн, 28-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 300 чарчы метри жана короодо токтоп турган 2 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен кошуна жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калуу чарасы көрүлдү. Жабыркагандар жок, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.





