Ысык-Атада тургун айылдашын бутка атууга шектелип жатат

Ысык-Атада ок чыгарууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-декабрда саат 00:10 чамасында Ново-Покровка айылындагы Ленин көчөсүндө эки тургун уруша кетишкен. Ал мушташка айланып, 1973-жылы туулган жаран ТТ үлгүсүндөгү тапанчасы менен 1993-жылы туулган жаранды бутка атып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1973-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.