Ысык-Атада үч унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады

Бүгүн, 30-августта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылында Subaru Outback, Лексус 570 жана Toyota Wish үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.