Ысык-Атада үй өрттөнүп, 3 жаштагы бөбөк күйүк алды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Буденов айылында сарайдан чыккан өрт саат 19:14тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоонун кесепетинен 3 жаштагы бөбөк жабыркаган, учурда абалы туруктуу. Ошондой эле 1000 түк чөп, 1 жылкы, 10 бука күйгөн.

Ал эми өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзгөн, учурда материалдык чыгымдары жана себептери такталууда.