Ысык-Атадагы эс алуучу жайда эки киши бычакталды. Чырга милиция кызматкерлери да катышкан

иллюстрация

Ысык-Атадагы эс алуучу жайда чыккан чырдан жаракат алган 2 жаран Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-май күнү Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Ысык-Ата эс алуучу жайы тарабында чыр-чатак болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү учурунда бир нече эркек кишинин ортосунда уруш чыгып, алардын ичинен эки жаран дене жаракаттарынан улам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине кайрылганы маалым болгон.

«Жогорудагы ызы-чуунун катышуучуларынын арасында Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери болгон. Учурда окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган», — деп айтылат маалыматта.