Ысык-Атадагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору кармалды

Ысык-Ата районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жер тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2001-2022-жылдар аралыгында Чүй токой чарбасы жана Чүй-Токмок «Кадастры» тарабынан 150 гектардан 4 сотыхка чейин аянттан 226 бирдик жер тилкелерине мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген.

Аталган фактыларды текшерүүнүн жүрүшүндө, УКМК тарабынан «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Чүй токой чарбасынын кызматкерлерине, 1992, 1996, 1999, 2006-жылдардагы «Көл-Төр» багбанчылык шериктештигинин жана Чүй токой чарбасынын эмгек жамаатынын кеңешинин жасалма протоколдорун пайдалануу менен Кегети «Көл-Төр-1» токойчулугунун жана Токмок «Көл-Төр-2» токойчулугунун аймагында жайгашкан дача тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында жалпы баасы 115 миллион 632 миң сомду түзгөн, 33,8 гектар жерге жеке менчик укугу боюнча 39 мамлекеттик акт мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

15-февралда бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, Ысык-Ата районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору кармалып (мурда Чүй-Токмок «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору болгон), УКМКнын тергөө абагына киргизилди.