Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында 11 социалдык объект (клубдар, сейил бактар, суу мунаралары, милиция бөлүмүнүн имараты, мед имарат ж.б.) мамлекеттин балансына кайтарылды. 1998-2006-жылдар аралыгында аталган объектилер жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар наркы 120 миллион 130 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген объекттер ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүп берилди.