Ысык-Көл жана Тоң райондорунда сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды

Кечээ, 18-августта саат 19:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районунун Ак-Сай айылынын Жума Жамгырчиев көчөсүндөгү үйлөрдү сел каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган. Ак-Сай айылында сел суулары жалпы 30 үйгө кирип, эки турак үйдөн 7 чоң киши жана 6 бала убактылуу коопсуз жайга эвакуацияланган.

Бүгүн, 19-август саат 06:30га карата Ысык-Көл районунун Темировка айылында болжол менен 100дөн ашуун үйдүн короо жайын суу каптаган. Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми түнкү саат 03:20га карата: Ысык-Көл районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштерин жүргүзүүгө башкармалыктын башчысы 80 куткаруучу, 3 мотопомпа, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 40 адам, 2 экскаватор, 3 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 80 адам, “Чайна Роуд ” фирмасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган. Жалпы 200 адам, 8 техника тартылган. Ошондой эле ӨКМдин КДМБдан 100 куткаруучу 3 атайын техника менен жөнөтүлгөн.

Ысык-Көлдө селден улам жабылган жолдордун тизмеси (18-август саат 21:30га карата): Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап, Жети-Өгүз, Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Григорьевка-Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 0-16 чакырымын суу каптап, каттам жабылды (Григорьевка капчыгайына баруучу жол).
Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дон-Талаа унаа жолунун Көл-Төр-Коңур-Өлөң 42-43 чакырымдагы бөлүгү жабылды.
Тогуз-Булак айылына баруучу жол жабылды.
Ак-Сай-Көк-Сай унаа жолунда каттам жабык.
Ак-Терек-Дөң-Талаа унаа жолунда каттам жабык.
Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 60-70 чакырым аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү) жана бул унаа жолдун 58 чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалда. Каттам чектелген.