Ысык-Көл облусунда 2 күндө 7 килограммдан ашык баңгизат табылды

Ысык-Көл облусунда 2 күндүн ичинде 7 килограммдан ашуун баңгизаты табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Ак-Суу районунун аймагында 1982-жылы туулган О.А. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда чөнтөгүнөн полиэтилен баштыгына оролгон, өзгөчө кендир жыты бар каражат табылган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, алынган каражат 50 грамм гашиш жана 424 грамм марихуана баңги каражаттары болгон.

Мындан сырткары, 21-февралда Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жашаган 1978-жылы туулган К.Ш. аттуу жарандын үйүндөгү чатырынан полиэтилен баштыгына оролгон өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган. Алынган каражаттар 4 килограм 520 грамм марихуана жана 365 граммды түзгөн гашиш баңгизаты деп аныкталган.

«Ошондой эле ошол эле күнү кызматтык итти пайдалануу менен тинтүү жүргүзүү учурда Түп районунун Сары-Тологой айылындагы 1977-жылы туулган О.Б. аттуу тургундун кароосунан өзгөчө кендир жыты бар бир кап каражат табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм марихуана алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 7 килограмм 994 граммды түзгөн. Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда», — деп жазылат маалыматта.