Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Бүгүн, 7-июлда болжол менен 11:07 чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын күчү Тоң районунун Туура-Суу айылында 3 баллга, Оттук, Орто-Токой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.