Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты (сүрөт)

Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын ПМК кичирайонунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 11:45те чектөөгө алып, саат 12:27де толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 20 чарчы метр чатыры жана батирдин балкону толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.