Ысык-Көл облусунун Кудургу айылында зомбулук менен өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси табылды

Ысык-Көл облусунда киши өлтүрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга кечээ, 3-июнда Түп районундагы Кудургу айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан тегирмендин жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери анын зомбулук менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Тактап айтканда, анын сөөгү канжалаган абалда табылган.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Маркумдун 39 жаштагы жаран экендиги аныкталды. Кылмышка шектелгендер изделип жатат, тергөө уланууда.