Ысык-Көл ОИИБнин башчысы Улан Асанбаев кызматынан алынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Асанбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, Асанбаев коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн кызматынаны алынды. Мындай чечим 12-февраль күнү болуп өткөн ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отурумунда кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Улан Асанбаев 2019-жылдын февраль айында Ысык-Көл ОИИБнин башчысы болуп дайындалган. Ага чейин Каракол РИИБин жетектеп келген.

Буга чейин Асанбаевдин Чолпон-Ата шаарыдагы ак сарай үйүнүн сүрөттөрү интернетке тарап, талкууга алынган эле.