Ысык-Көл районунун акими кармалды

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Кылмыш жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген коррупция) боюнча айыпталып жатат. Ал соттун чечими менен 4-сентябрга чейин камакта болот.