Ысык-Көлдө 100 миң сом уурдоого шектүү ишти 50 миң сомго жабууну чечкен

Каракол шаарында уурулукка жана пара берүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

9-октябрда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургуну кайрылган. Ал арызында ошол эле күнү  саат 10:00 чамасында белгисиз адам анын үйүнө терезеден кирип 100 миң сомун уурдап кеткенин билдирген. Бул факты катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Шектүү катары 1975-жылы туулган жаран кармалган. Ал сурак учурунда уурдалган 100 миң сом акча каражатын өз огородуна көмүп койгонун моюнга алган. Мындан тышкары, ал ишти жабуу үчүн Каракол ШИИБдин кызматкерлерине 50 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган. Аталган факты дагы Каракол ШИИБге катталып, кылмыш иши козголгон.

13-октябрь күнү саат 17:40 чамасында ал Каракол ШИИБдин Кашка-Суу шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын иш бөлмөсүндө 14 500 сом пара берип жаткан учурда кармалган.