Курал-жарак, жардыргыч заттарды жана жардыргыч шаймандарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо, ок атуучу курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын бетин ачуу максаты коюлган «Арсенал» ыкчам-алдын алуу иш-чарасы Ак-Суу районунда болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Он күндүк иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 98 ышкыбоз мергенчилер, уруксат берүү системасынын 3 объектиси, каттоо эрежелеринин сакталышы жана курал-жарактарды сактоо боюнча текшерилген. Райондун жашоочулары менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, анда бул чөйрөдөгү иштеп жаткан мыйзамдар жана аны сактабагандык үчүн кандай жоопкерчиликтер каралгандыгы жөнүндө маалыматтар берилген.
«Арсенал» ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 22 жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133-беренесинин (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) негизинде протоколдор түзүлдү.13 жаран болсо, өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырып беришкен.