Ысык-Көлдө 13 жаштагы өспүрүм өз үйүндө асынып алды

Ысык-Көл облусунда 13 жаштагы өспүрүм өз үйүндө асынып каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2-мартта жергиликтүү милицияга 7-класста окуган, 13 жаштагы өспүрүм үйүнүн короосунда асынып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Бизге өспүрүм асынып алганы тууралуу айылдаштары билдирди. Милиция кызматкерлери сөөктү карап, анын денесинен аркандын изинен башка так табышкан эмес”,- деп билдирди Сталбек Усубакунов.

Ошондой эле жергиликтүү милиция каза болгон өспүрүмдүн өздүгүнө байланыштуу башка маалымат бере алышпарын айтышты.

Учурда бул окуянын себептери изилденип, такталууда.