Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында УКМК тарабынан киберкылмыштуулук жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген эл аралык трансулуттук кылмыштуу топтун мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.
Аталган топко Кытайдын 13 жараны кирип, алар атайын иштелип чыккан программалар аркылуу киреше алуу максатында, электрондук маалыматтарга уруксатсыз кирүү жана киберкылмыштардын изин кылдаттык менен жашыруу аркылуу, эл аралык финансылык операцияларды жүргүзүшкөн. Алдамчылык аракеттер Кытайда, Гонконгдо жана Малайзияда жашаган КЭР жарандарынын арасынан потенциалдуу жабырлануучуларды «этап-этабы менен» иштеп чыгуу жолу аркылуу жасалган.
Аталган чет өлкөлүк жарандар КР аймагына турист катары келишип, бирок иш жүзүндө миграциялык мыйзамдарды бузуу менен мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүшкөн. Аталган факты боюнча КЭРдин КРдагы элчилигине маалымат берилди. Кармалган кытай жарандары жана буюм далилдери тиешелүү иш-чараларды уюштуруу үчүн расмий түрдө Кытай тарапка өткөрүп берилди.