Ысык-Көлдө 14 жаштагы өспүрүмдү футбол дарбазасы басып калган. Ал 6 күндөн соң көз жумду

Ысык-Көлдө 14 жаштагы өспүрүмдү футбол дарбазасы басып калып көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

1-август күнү Ак-Суу РИИБге Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда Бөрү-Баш айылынын 14 жаштагы тургуну денесинен алган жаракаты менен кайрылганы маалымдалган.

Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү учурунда, 1-август күнү өспүрүм Бөрү-Баш айылында орун алган кичи футбол аянтчасында футбол ойноп жаткан учурунда, футбол дарбазасы аны басып калып, денесинен жаракат алгандыгын аныкташкан. Кийин ата-энеси баласын Бишкек шаарына дарыланууга алып барган, 6-август күнү өспүрүм каза болуп калган.

28-август күнү Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн  жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде өндүрүштөн кыскартылган.