Ысык-Көлдө 15 жыл мурун мал уурдаган шектүү кармалды

Ысык-Көлдүн милиция кызматкерлери 15 жылдан ашык издөөдө жүргөн кылмышкерди кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

24-25-апрель күндөрү өткөн «Издөө» операциясынын жүрүшүндө, Жети-Өгүз районунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2007-жылдан бери издөөдө жүргөн Түп районунун 46 жаштагы тургуну кармалды.

2006-жылдын ноябрь айында кармалган жаран өзүнүн шериктери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын тургундарына тиешелүү эки баш жылкыны уурдап кетишкен. Натыйжада мал ээлерине жалпысынан 40 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2 шектүү кармалган болчу. Ал эми бирөөсү изин жашырып, качып кеткендиктен, издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.