Ысык-Көлдө 16 жаштагы кызды ала качып кетишкен. Ата-энеси арыз жазуудан баш тартууда

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ысык-Көлдө 16 жаштагы кызды ала качып кетишкен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-июлда Каракол ШИИБге 1965-жылы туулган жаран кайрылып, 11-июлда саат 08:00 чамасында Түп районундагы айылдардын биринде 16 жаштагы кызын Чүй облусунун Кара-Балта шаарына ала качып кеткенин айткан. Милицияга арызды кыздын достошуп жүргөн жигитинин атасы жазган. Кыздын өзүнүн ата-энеси кыздын айланасындагы сөздөрдөн алдын алуу максатында арыз жазуудан баш тартып жатканы айтылды. Бирок ал жашы жете элек болгондуктан, бардык керектүү тергөө амалдары жүргүзүлөт. Тергөө иштери жүрүп жатат.