Ысык-Көлдө 18 жаштагы жигит унаа айдап качууга шектелип жатат

Ысык-Көлдө 18 жаштагы жигит унаа айдап качууга шектелип жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда Тоң РИИБге Кара-Коо айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 8-сентябрга караган түнү короосунда токтоп турган ВАЗ 21061 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин билдирген. Бул факты Тоң РИИБге катталып, Жазык кодексинин 206-беренесинин (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде катталып, алгачкы сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип Кара-Коо айылынын 18 жаштагы тургуну кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирген. Азыркы учурда тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.