Ысык-Көлдө 18 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Анын ымыркайы да чарчап калганын айткан келиндин жакыны министр Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылуу жасады.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Түп аймактын ооруканасынын директору менен байланышканыбызда, келин 18 жашка толуп Көөчү айылына турмушка чыкканын, өзү Чоң-Таш айылынан экенин билдирди. «Келин студент болчу, Караколдо 2-курста окучу. Кош бойлуулугунун 18-жумасында Көөчүдөгү ФАПка катталган. Анализдерин убагында тапшырып жүргөн. 23-мартта башы ооруп, кыргызчылык жардам бербегенинен Түптөгү ооруканага кайрылат. Гинеколог карайт, дене табы 39,5, кан басымы 110/70, жүрөгүнүн согушу 125 болот. Парацетамол берсе, түкүрүп салган. Укол сайылган. Саат 15:30да Тез жардам менен Караколдо жөнөтүлгөн», — деди жетекчи.
Редакция дарыгерге айтылган нааразычылык боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева менен байланышканыбызда, келиндин 24-мартта каза болгонун, ымыркай 4-апрелде чарчап калганын тастыктап, факты катталганын билдирди. «Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Келин оор абалда келген», — деди ал.