Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин 3 дарыгер кармалды. Окуянын чоо-жайы

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 8-февралда бир нече дарыгер жумуш ордунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова соцтармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бул бейтаптын өлүмүнө байланыштуу. «Кыз бир ай ооруканада жаткан. Үй-бүлөлүк иш-чара өтүп жаткан кафеде ууланган кызды үй-бүлөсү Ак-Суу аймактык ооруканасына алып барышкан», — деп жазган Бермет Барыктабасова.

Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ак-Суу райондук Жалпы практика борборунун 3 дарыгери кармалган. 2023-жылдын июль айында Ак-Суу РИИБге Теплоключенка айылынын тургуну кайрылып, ак халатчандарга чара көрүүнү суранган. Ал өз арызында 2023-жылдын 25-июлунда ичинин катуу ооруганынан улам 18 жаштагы кызын райондук ооруканага алып келгендигин көрсөткөн. Бирок дарыгерлер бейтапты ооруканага жаткырбастан, дары жазып берүү менен чектелишкен. Кесепетинен 28-июль күнү кызынын ден соолугу начарлап, аны Тез жардам кызматы алып кеткен. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Ак-Суу РИИБнин тергөө кызматы тарабынан 25-июль күнү Теплоключенка айылынын 51 жаштагы тургуну ичинин катуу оорушу жана кусуу менен 18 жаштагы кызды Ак-Суу районундагы борборго алып барган. Ошол күнү аны текшерген педиатр Т.К. оорулуу менен сүйлөшүп, анын конокко барганын, ал жерде ачуу салат жегенин билген. Үйгө келгенде ал ооруп, кусуп, диарея башталган. Педиатр дары жазып берип, бейтапты үйүнө жөнөткөн. Эртеси күнү оорусу басылбагандыктан кайра дарыгерге барган. Аны анестезиолог-реаниматолог дарыгер О.М. караган. Ал да дары жазып, үйүнө жөнөткөн. 28-июль күнү тынымсыз ооругандыктан Ак-Суу райондук медициналык борборуна кайрадан кайрылышып, инфекциялык бөлүмдүн дарыгер ординатору Э.Г текшерип, бейтапты аталган бөлүмгө жаткырышкан. 29-июлда кыздын оорусу күчөп, эсин жоготкон. Буга байланыштуу ал Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. 31-июлда бейтап республикалык ооруканага жеткирилип, 5-сентябрда каза болгон. Дайындалган соттук-медициналык экспертиза өлүм тамак-аштан ууланганын аныктаган. Дарыгерлердин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан жүргүзүлгөн.

Комплекстүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен 7-февралда Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан педиатр Т.К., анестезиолог-реаниматолог О.М. жана врач-ординатор Е.Г. кармалды. Ак-Суу райондук сотунун чечими менен аларга карата тергөө мезгилинде үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.