Ысык-Көлдө 2 айдоочунун өмүрүн алган жол кырсык. Министрлик жолдо кар болбогонун билдирди

Кечээ, 17-декабрь күнү саат 10:30 чамасында Каракол-Түп жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болгон. 9 жаран ар кандай жаракаттарды алып, облустук жана Түп райондук ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Мазда-Хедос унаасынын 27 жаштагы айдоочусу Караколго бара жатып, жолдун тайгалагына байланыштуу каршы тилкеге чыгып кетип, Каракол-Балыкчы каттамында жүргүнчүлөрдү ташыган Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Транспорт министрлигинен 4-жол тейлөө ишканасынын жумушчулары 16-декабрда автогрейдер менен аталган жолду тазалап, инерттик материалдарды чачышканын билдиришти. «17-декабрда да инерттик материалдар чачылган. Бул иштер МАИ кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жасалган. Жол тасмасында кар да жок, тайгак дагы эмес. Тергөө жүрүп жатат, 2 айдоочунун канынан анализ алынды, жыйынтыгы чыга элек», — дешти.