Ысык-Көлдө 2 гектар аянттагы кургак чөп менен камыш өрттөндү (сүрөт)

Ысык-Көлдө өрт чыгып, 2 гектар кургак чөп менен камыштарды күйгүздү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 14:30да Жети-Өгүз районунун Липенка айылына караштуу Зелённый-Гай айылы менен Кой-Сары аскер базасынын ортосунда көл жээгинде токой күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 16:10до өрттү чектөөгө алышып 17:00дө толугу менен өчүрүшкөн. Жалпысынан 2 гектар жердеги кургак чөп, камыш күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.