Ысык-Көлдө 20 жаштагы жигит интернет аркылуу баңгизат сатууга шектелип кармалды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери тарабынан синтетикалык баңги затын сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ысык-Көл ОИИБдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан синтетикалык баңгизатын таратууга шектелип, Ананьево айылынын тургуну кармалды.

Январь айында Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлерине Ысык-Көл районунун аймагында белгисиз адам баңгизатын сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат облустук милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип жаткан жарандын өздүгүн аныктоого жетише алышкан. Шектүү Ананьево айылынын 20 жаштагы тургуну болуп чыккан жана тинтүү учурунда анын кийиминен 31 даана кичи баштыкчаларга салынган белгисиз зат табылган. Ошондой эле, кармалган жарандын көрсөтмөсү боюнча, кийин сатуу максатында ушундай эле заттын дагы 16 баштыкчалардын катып койгон жерлери аныкталган.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар синтетикалык «Альфа РВР» түрүндөгү баңгизаты экени жана анын жалпы салмагы 58 граммдан ашык түзгөндүгү аныкталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү жаран баңгизатын мессенджер аркылуу алып, жашыруун жайларга жайгаштырган, кийин баңгизаттарын колдонгон адамдар акчаларын которгондо, катылган жерлерди мессенджер аркылуу көрсөтүп берген. Интернет булактар аркылуу сатылган баңгизаттын болжолдуу баасы эки жүз миң сомдон ашкан. Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.