Ысык-Көлдө 28 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен Монголиянын жараны кармалды

Ысык-Көлдө зордуктоо аракети үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Монголиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, саат 01:00 чамасында Монголиядан келген чала тааныш жаран аймакта жайгашкан эс алуу жайларынын биринде мас абалында болуп, зордуктоого аракет кылган. Ал кыздын бетине бир нече жолу колу менен уруп, денесине залал келтиргенин билдирген.

Кылмышка шектүү катары Монголиянын 36 жаштагы жараны кармалган. Бул факты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Райондук соттун чечими менен кармалган жаранга карата, тергөө амалдары жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган. Учурда Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Интерпол Улуттук борборунун өкүлдөрүнүн активдүү көмөгү менен зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган 36 жаштагы жаран чындыгында 31 жаштагы Монголиядан башка ат менен жүргөн жараны экендиги аныкталган. Ал өз өлкөсүндө бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ошондой эле, шектүү мекендешинин паспортун мыйзамсыз алып, аны менен Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү аныкталды.