Ысык-Көлдө 3 айга жакын жаткан жансыз дене табылды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

18-июлда Каракол ШИИБге көлдөн 50-60 метр алыстыктагы чычырканактан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Бул факты шаардык милицияга катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Сөөктү сырттан кароодо зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес, ошондой эле өлүктүн 2-3 айга жакын жатканы аныкталган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сөөктүн калдыктары Бишкекке жеткирилген. Табылган өлүктүн өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.