Ысык-Көлдө 31 жаштагы тургундун үйүнөн баңгизат жана курал-жарак табылды

Ысык-Көл облусунун тургунунан баӊгизат жана курал алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ак-Суу РИИБдин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүгө каршы аракет көрүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Теплоключенка айылынын 31 жаштагы тургунун аныкташып, анын жашаган жеринде мыйзамдуу кароо иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада, милиция тарабынан баӊгизатына окшош полиэтилен баштыкка салынган өсүмдүктү табышкан. Мындан тышкары, үйүнөн пневматикалык жана травматикалык тапанчалар, ошондой эле 2 пневматикалык мылтыктар да табылган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган өсүмдүк кургатылган марихуана баӊгизатына кирери жана жалпы салмагы 550 граммга жакын экендиги аныкталды. Ал эми алынган куралдар ички иштер органында катталбагандыгы белгилүү болду. Бул боюнча, соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.