Ысык-Көлдө 32 жаштагы жарандын үйүнөн баңгизат жана мыйзамсыз кармалган балыктар табылды

Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Каракол-Пристань шаарчасынын тургуну үйүндө мыйзамсыз баӊгизат сактап жүргөнүн билдирилген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат Каракол ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 268 беренесинин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анда мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөн адамдын аты-жөнү такталып, анын 32 жаштагы шаарчанын тургуну экендиги аныкталган. Санкцияланган тинтүү иштеринин жүрүшүндө, аталган жарандын үйүнүн короосунун чатырчасынан полиэтилен пакетине салынган, жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк табылган. Андан тышкары, мыйзамсыз кармалган 506 даана балык жана анын уруктары табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган баӊгизатты кургатылган марихуана түрүнө кирери жана анын таза салмагы 205 граммды түзгөнү белгилүү болду. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кармалган жаранга Жазык кодексинин 268 беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык  шектүү катары өтүп жаткандагы боюнча кабарлама берилди. Ал эми, алынган балыктар кайсыл балыктын түрүнө кирерин жана келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында тийиштүү иш кагаздары экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгына жиберилди. Мекеменин корутундусу чыкканда юридикалык баасы берилет.