Ысык-Көлдө 37 жаштагы жарандын үйүнөн ак илбирстин териси баш сөөгү менен табылды

Ак-Суу районунун тургунунун үйүнөн Кызыл китепке кирген ак илбирстин териси баш сөөгү менен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Милицияга маалымат келип түшүп, анда жергиликтүү тургун үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү жөнүндө кабарланган. Аталган маалымат каттоого алынып, тергөө башталган. Кылмышка шектелип, Теплоключенко айылынын 37 жаштагы тургуну кармалды. Анын үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал-жарактар табылып жана узундугу эки метрге жакын, жоголуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесиндеги, Кызыл китепке кирген ак илбирс жаныбарынын териси баш сөөгү менен табылган.

Шектүү көрсөтмөсүндө аталган жаныбарды таанышы атып, анын үйүнө убактылуу сактоого калтырып кеткендигин билдирген. Тергөө амал иштеринин жүрүшүндө, экинчи шектүү ошол эле райондун Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы тургуну кармалды.