Ысык-Көлдө 37 жаштагы жаран велосипед үчүн өлтүрүлдү. Кылмышка шектүүлөр кармалды

7-сентябрда болжол менен саат 11:00дө Ысык-Көл ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө чалуу болуп, аймактык ооруканага 37 жаштагы Ананьево айылынын тургуну ар кандай жаракаттар менен түшкөнүн, алган жаракатынан эсине келбей көз жумганын айтышкан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 138-беренеси (ден соолукка зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, каза болгон жарандын бир күн мурда таанышына барып, анын велосипедин сурап кеткени, аны 500 сомго айылдашына сатып салганы маалым болгон. Эртеси күнү, 7-сентябрда велосипеддин ээси таанышы менен маркумдун үйүнө сүйлөшүү үчүн барышат. Алардын ортосунда кайым-айтышуу болуп, мушташка айланат. Кесепетинен жаран ооруканага түшүп, ошол жерде каза болгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 4 жаран кармалды. Алар кылганын мойнуна алышкан. Шектүүлөр Ысык-Көл ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.