Ысык-Көлдө 4 жана 6 жаштагы кыз менен бала өрттөн каза тапты

Ысык-Көлдө 2 наристе өрт кырсыгынын кесепетинен көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-сентябрь күнү ӨКМге Түп районунун Сары-Булуң айылынын Жаштык көчөсүндөгү турак үйдүн коросундагы чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Ал жерге бир бөлүм тартылып, саат 15:00дө өрт чектөөгө алынып, саат 17:45те толугу менен өчүрүлгөн. Өрт кырсыктын кесепетинен 4 жана 6 жаштагы кыз менен бала көз жумган. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.