Ысык-Көлдө 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти

Ысык-Көл районунда 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз жапайы пляжда көлгө чөгүп кеткен. Жерине ӨКМдан 25 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 киши тартылды. Азырынча кыз табыла элек. Издөө иштери уланууда», — деп жазылат маалыматта.