Ысык-Көлдө 47 жаштагы киши жардан түшө албай калган

Ысык-Көлдө 47 жаштагы киши жардан түшө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Ак-Жар жайлоосунда болгон. 47 жаштагы эркек киши кой жайып жүрүп, жарга чыгып, өз алдынча түшө албай калган. Окуя болгон жерге 6 куткаруучу тартылып, жаранды жардан түшүрүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Абалы жакшы.