Ысык-Көлдө 54 жаштагы киши үйүндө уруксат кагаздары жок намазкана ачып, даават өткөрүп жүргөн. Иш сотко өттү

Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Григорьевка айылынын 54 жаштагы тургунуна карата Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен каралган сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Райондук милициянын маалыматы боюнча, ушул жылдын 21-апрель күнү Ысык-Көл РИИБдин ыкчам кызматкерлерине Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунун мүчөсү, Григорьевка айылындагы үйүндө эч бир уруксат иш кагаздары жок намазкана ачып алып, ал жерде даават өткөрүп, мыйзамсыз диний адабияттарды таратып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБге катталып, Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, райондук милициянын жана УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан маалыматта көрсөтүлгөн жарандын аты-жөнү аныкталган. Ал Григорьевка айылынын 54 жаштагы тургуну, «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмуну мүчөсү болуп чыккан. Анын жашаган үйүндө мыйзамдуу текшерүү иштери жүргүзүлгөндө, диний мүнөздөгү адабияттар табылып алынган. Теологиялык экспертиза көрсөткөндөй, алынган адабияттар Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмуна таандык болуп чыккан.