Ысык-Көлдө 56 жаштагы киши козу карын терүүгө капчыгайга барган. Бүгүн жансыз денеси табылды

Кечээ, 16-август күнү 4 адам Ак-Суу районунун Түргөн капчыгайындагы “Тихая вода” тилкесинде козу карын чогултуп жүрүшкөн. Алардын арасындагы 1956-жылы туулган эркек киши дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө иштерине ӨКМден жалпы 15 куткаруучу тартылган. Бүгүн маркумдун жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.