Ысык-Көлдө 63 жаштагы жаран өз үйүндө иске ууланып көз жумду (видео)

Ысык-Көлдө өрттүн кесепетинен бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 6-декабрь күнү саат 18:35 чамасында Чолпон-Ата шаарынын Акматбай-Ата көчөсүндөгү үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 1958-жылы туулган жаран иске ууланып көз жумду. Жалын саат 18:53тө чектөөгө алынып, саат 20:15те толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусу.