Ысык-Көлдө 7 жаштагы бала көлгө чөгүп, көз жумду

Ысык-Көлдө 7 жашар бала көлгө чөгүп, көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 5-июлда саат 11:00 чамасында катталган. Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жансыз денени туугандары чыгарып кетишкен.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, бала Ак-Суу районунун, Кереге-Таш айылынын тургуну.