Ысык-Көлдө 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсык катталганы айтылууда. Милиция эмне дейт?

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Kaktus.media жазды. 

Басылманын маалыматына караганда, 13-августка караган түнү Тоң районунда Кызыл-Омол уран кенинен анча алыс эмес жерде ири жол кырсыгы катталып, БМВ менен Ауди бетме-бет сүзүшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, БМВ унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. БМВнын айдоочусу ошол жерден каза болуп, Ауди унаасынын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген. Кырсыктын кесепетинен сегиз адам каза болгон, анын бир жарым жаштагы жана 5 айлык бала бар. Кырсыктан дагы алты адам жабыркаган. Алардын баары Балыкчы ооруканасына жаткырылып, каза болгондордун сөөгү шаардык өлүкканага жеткирилген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгына байланышканыбызда, жол кырсык боюнча азыркы учурда тергөө кызматы иш алып барып жатканын, тергөөнүн чечими менен толук маалымат берилерин айтышты.