Ысык-Көлдө 9 жашар кыз сабалып, 2 шектүү тарабынан зордукталган

Ысык-Көлдө 9 жашар кыз сабалып, зордукталган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

9-сентябрда Жети-Өгүз РИИБге Барскоон айылынын 1979-жылы туулган жараны кайрылып, ошол эле күнү анын 9 жаштагы кызы сабалып, 2 киши тарабынан зордукталганын билдирген.

Кылмышка шектүү катары 2005 жана 1999-жылы туулган жарандар кармалды. Сот аларды 2 айга камакта калтырды. Тергөө уланууда.